Главная » Тексты песен » Песни на кыргызском |
Текст песни Топчубай Айтмаматов "Атакем"
Атаке бактыбызга эсен болгун, Эркелеп маңдайыңда мен чоңойдум. Атаке балдарыңдын сыйын көргүн. Атаке балдарыңдын тоюн көргүн. Атакем оорубастан эсен жүргүн. Ээ-эй, дүйнөдө ата-эне дайым болсун, Балдары ата-энесин кордобосун. Бул күндө ата-энебиз аман болсун! Чоң ата чоң энемдер келгилечи, Тайене батаңарды бергилечи. Туугандар келгилечи чогулалы, Чогулуп жарык маанай олтуралы. Өткөндү, кайгыны биз унуталы. Ээ-эй, балалык жаштыгым өттүбү кайгыда, Эми мен өткөрбөйм максатым алдыда. Өмүрдү өткөрбөйм мени эми кайгыда, Мен эми өткөрбөйм максатым алдыда. Атаке бактыбызга эсен жүргүн, Эркелеп маңдайыңда мен чоңойдум. Атаке балдарыңдын сыйын көргүн. Атаке балдарыңдын тоюн көргүн. Атакем оорубастан эсен жүргүн.
| |
Просмотров: 1734 | | |