Главная » Тексты песен » Песни на кыргызском |
Текст песни Ырыcкелди Осмонкулов "Кыздар, ай"
Көрк менен гана азгырган, Көөнүмдү дайым жаз кылган. Кызыктар кылат өзгөчө, Кылгыра тиктеп алдыртан. Тайманбай жашап турмуштан, Талашып көктү жылдыздан. Суйкайып таңдай чыгышта, Сулуулар чыгат кыргыздан. Кайырма: Биздин Ала-Тоонун кыздары, ай, Биздин кыргыз элдин кыздары, ай. Сагынтар мени саргайтып, Сапарга кетсем алыстап. Жүзүңдү турар нур чайып, Жүрөккө кокус табышсаң. Ала-Тоо башын кар чалып, Жатса да күтүп алыстан. Кыйындык башка түшкөндө, Кыздарым чыкса намыска. Кайырма: | |
Просмотров: 2407 | | |