Главная » Тексты песен » Песни на кыргызском

Текст песни Замир Арыкбаев "Сенсиң"

Ыр ырдасам ырларымда сенин жамалың,
Сөз сүйлөсөм сен жөнүндө айтып баяным.
Ойго батсам ойлономун өзүң жөнүндө.
Кыялданып бүт ааламга жайып канатым.


Кайырма:

Сенсиң дем күч берген,
Жарык күйгөн чырагым,
Дүйнөдө тапкан ынагым.
Колуңдан кармап, чачтарың сылайын,
Нур чачкан менин күн-айым.

Кол кармашып түбөлүккө бирге жанашып,
Эгиздердей ээрчишели бирге жарашып.
Өмүр бою өзүң менен өтсүн өмүрүм,
Айлуу түндө жылдыздарды бирге санашып. 

Кайырма:

Жаз айындай жадырай бер, менин жарымым,
Түгөнбөсүн карегиңде күйгөн жалының.
Жанымда бол, жаркыраган менин жылдызым,
Күндөсү да, түндөсү да өчпөй жарыгың.
Категория: Песни на кыргызском |
Просмотров: 518 | Теги: Замир Арыкбаев | Рейтинг: 0.0/0