Главная » Тексты песен » Песни на кыргызском |
Текст песни Замир Арыкбаев, Съездбек Искеналиев "Даткайым"
Кара бир тоонун боорунан, Калдайып учуп куш конот. Кара көз сулуу Даткайым, ай, Кандайдыр бир жанга туш болот. Улуу бир тоонун боорунан, Удургуй учуп куш конот. Сурма көз сулуу Даткайым, ай, Буйруган жанга туш болот. Ак-Тоонун башы ак жалтаң, Абайлап баспай тайгылдым. Аз гана ойноп, көп күлгөн, эй, Даткайым, сенден айрылдым. Аз гана ойноп, көп күлгөн, ай, Даткайым, сенден айрылдым | |
Просмотров: 3264 | | |