Главная » Тексты песен » Песни на кыргызском

Текст песни Жаныбек Оңолбаев "Секелек"

Шириним деп, таттуум деп, коёнегим, ак куум деп, 
Эркелешип, жетелешип жүрөбүз, секет.
Кагылайын кара жаным, тамырымдан аккан каным.
Алсаң алчы, мейли, баарын сага арнайын.

Кайырма:
Кара көз, ширин сөз, секелек, секелек.
Дайыма жанымда жүрө бер эркелеп.
Ардагым, аппагым, бакыттын туусуна,
Жүр, алып кетейин колуңдан жетелеп.

Мамалагым, томологум, наристедей ойногонуң,
Угуп көрчү жүрөгүмдүн сен деп сокконун.
Эркимди бүт сага берип, эриниңден сүйгүм келип,
Секелегим, сен агаңды алдың имерип...
Кайырма:

Эркелейсиң, эркем менин, 
Бүт дүйнөмдү сага бердим.
Кайырма:

Категория: Песни на кыргызском |
Просмотров: 9764 | Теги: Жаныбек Оңолбаев | Рейтинг: 3.7/19