Главная » Тексты песен » Песни на кыргызском

Текст песни Жоодарбешим "Жети область кыздары"

Бири көлдүк деп сүйөт,
Бири чүйлүк деп сүйөт.
Бири Нарын, Талас, Баткен, 
Ош, Жалал-Абад деп сүйөт.
А мен байкуш кантемин? 
Токтогулдук жигитмин.
Бөлүнө албай эч бир жакка, 
Тең ортодо эзилдим.

Кайырма:
Оу, оу, кыздар! Эй, эй кыздар!
Кайда барсам жан дүйнөмдө,
Жашайсың, кыргыз кыздар.
Оу, оу, кыздар! Эй, эй, кыздар!
Кызгалдактай жер бетинде,
Гүлдөсүн кыргыз кыздар.

Жети деген ыйык сан, 
Жети область Кыргызстан.
Ар бир айыл-районунда, 
Кыздар гүлдөй ачылган.
Түштүк жактын кыздары, 
Кашы-көзү суктантты.
Түндүк жактын, эх, кыздары,
Кымча бели кыйнады.

Кайырма:

Кызгалдактай жер бетинде, 
Гүлдөсүн кыгыз кыздар!
Категория: Песни на кыргызском |
Просмотров: 735 | Теги: Жоодарбешим | Рейтинг: 0.0/0