Главная » Тексты песен » Песни на кыргызском

Текст песни Жылдыз Тутуева "Энеме"

Канаттууга кактырбас,
Каралдым энем, бар болгун.
Кара жанын карч урган,
Кайраттуу энем, бар болгун.

Кайырма:
Тогуз ай мени көтөргөн,
Тоодой энем, бар болгун.
Жамандыкка кыйбаган,
Жароокер энем, бар болгун.

Ыйласам кошо ыйлаган,
Ырысым менин бар болгун.
Сүйүнсөм кошо сүйүнгөн,
Сүйүктүү энем, бар болгун.

Кайырма:

Мен үчүн тоодой бел болор,
Мээримдүү энем, бар болгун.
Сүйлөшүп, кээде сырдашчу,
Сүйкүмдүү энем, бар болгун.

Кайырма:
Категория: Песни на кыргызском |
Просмотров: 1384 | Теги: Жылдыз Тутуева | Рейтинг: 4.3/3